Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган кинокербен башталат

«Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган кинокербен башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, кинокербен 1-апрелден тартып республиканын бардык облус борборлорунда жана Бишкек шаарында Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө өз ишин баштайт.

Иш-чара Шамшиев тарткан тасмаларды жана кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кыргыз режиссерлорунун тасмаларын көрсөтүү менен башталат.

Кинокербен ноябрь айында Бишкек шаарында жыйынтыкталат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.