Болот Темиров: “Жалпылап айтканда бул – оюн”

Журналист, иликтөөчү Болот Темиров соттон чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал иштин маңызы боюнча эч нерсе айта албай турганын, ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгонун айтат.

“Жалпылап айтканда, бул оюн. Укук коргоо органдарына реформа керек деп айта алам. Анткени алар бийликке баш ийип, алардын буйругун аткарып жатышат. Мага милиция кызматкерлери келишип, капа болбоого чакырышты”, – деди Темиров.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен. Бүгүн, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru