Боомдо өрт тутанды. Себеби
Боом капчыгайында “Кут” кафесинин жанында өрт чыкты. Маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, окуя бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 137-чакырымында болгон.
Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бригада барып, саат 20.14тө өчүрүлгөн. Өрт камыштан чыккан. Окуя болгон жерде тез жардам кызматкерлери иштеп жатышат.