Борбор калаада эки унаа катары менен күйүп кетти (ВИДЕО)

Борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде жанаша турган унаалар күйүп кеткенин ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Берилген маалыматка таянсак, 1-декабрь күнү саат 03:20 чамасында Биринчи Май районунун Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде Мерседес-Бенц үлгүсүндө унаа толугу менен жана жанындагы турган Тойота Камри С230 үлгүсүндө унаанын бампери күйгөн.

Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, саат 04:08де толугу менен өчүрүүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru