Борбор калаадагы адам өмүрүн кыйган лифт: Ал буга чейин эки жолу бузулган

Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы бүгүн, 13-январда жыйынга чогулду. Анын жүрүшүндө «Бишкек шаардык лифт» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Майрамбек Саманчиев адам өмүрүн кыйган лифттеги кырсык тууралуу маалымат берди.

11-январда Бишкек шаарындагы Улан-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдөгү лифтте адам көз жумду. Эркек киши лифтке кыпчылып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, 38 жаштагы А.К. лифтке жаш баласы жана бешик араба (коляска) менен түшкөн. Ошол учурда лифт өз алдынча иштеп баштап, эркек кишини лифттин эшиги кыпчып калган. Жаш бала жаракат алган жок. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын куткаруу кызматынан 6 куткаруучу барды.

«Маркумдун жубайы окуя тууралуу саат 11:00 — 12:00 аралыгында маалымат берди. Лифт 4-кабаттан жогору тарапта токтогон. Ал жерге барган лифтер маркумдун башы менен бир буту кабинанын ичинде экенин көргөн. Ал бөлүмгө барып, жабдыкты (рубильник) өчүргөн. Андан кийин электромеханик барып, экөө биргеликте кабинаны түшүрүп, ичиндеги жабырлануучу менен жаш бала салынган кол арабаны сыртка чыгарышкан. Ошол учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жеткен», – деди Саманчиев.

Анын маалыматы боюнча, лифт жарактуу абалда жана 320 кг жүктү көтөрө алат. Самарканддагы лифт куруу заводунда 1986-жылы чыгарылып, пайдаланууга 1987-жылы берилген. Бул лифт 2021-жылдын ичинде 2 ирет калыбына келтирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru