народный

Борбор калаанын автобустары биринчи карга даярданууда

Муниципалдык автобустар сезондук тейлөөдөн өтүп, дөңгөлөктөрү жана мотор майлары алмаштырылууда. Бул тууралуу 12-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Кыймылдаткычты иштетүү, жылытуу, жүргүнчүлөр салонун вентиляциялоо, эшиктин иштөө тутумдарын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулат», – деп айтылат билдирүүдө.
Мэрия транспорттун сезондук даярдыгы биринчи кар түшкөнгө чейин бүтөт деп ишендирди.
Ошондой эле, коопсуздукту жана жол кыймылын камсыздоо максатында ай сайын автобустун айдоочуларына тренингдер өткөрүлүп турат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru