народный

Борончу Кудайбергенов, куудул: “ Казак куудулу Турсынбек Кабатов деле мени туурачу”

–Борончу мырза, “сахнага чыкпай деле коёт окшойм”-деп элге эмнеге таарынып атасыз?

–Артисттер  концерт берсе азыр эч ким келбейт. Себеби баарыбыз тиргиликтин айынан тойдо жүрүп калдык. Илгери  артист келе жатат десе куда келет жаткандай тосуп алышчу экен, азыр болсо  кадыр-баркыбыз жок. Эч ким деле сыйлабайт. Тойдо күн сайын көрүп жатышса, концерттерибизге ким келет?

–Тойлоп жүрбөй сахнага деле чыксаңыздар ким каршы болуп жатат?

–Эл нааразы болуп тигини муну айтсак деле туура эмес кабыл алышууда. Анын үстүнө мен өзүмдү куудул эмес, ырчы деп эсептейм.  Сатира ойногондо эле артисттигимди көрсөтпөсөм.

–Казак куудулу Турсынбек Кабатовду туураганыңызды моюнуңузга аласызбы?

    –Ооба, ал деле бир кезде менин сатираларымдан алып айтып калчу. Анын сонун сөздөрүн мен дагы элге айтып жүрөм. Бирок ачык эле  Турсынбектин сөзү деп айтам. Биздин эл деле жылмайып койсун да. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru