Бостериде күйөөсү аялын катуу сабап, ал ооруканада каза болду

Ысык-Көл районунун Бостери айылында аялын сабап өлтүргөн деген шек менен эркек киши кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин милицияга аймактык ооруканадан 44 жаштагы С.Т. көзгө даана көрүнгөн жаракаттары менен оор абалда ооруканага жаткырылгандыгы кабарланган.

— С.Т. аттуу жаранга мээсинен жаракат алган деген диагноз коюлган, андан кийин ал комага түшкөн. Учурда кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары жабырлануучунун жолдошу – 50 жаштагы Ш.К. кармалды. 9-май күнү кечинде жубайлардын ортосунда оозеки чатак чыкканы аныкталган. Эркек мас абалында аялынын башына жана курсагына тээп сабаган. Кийин жабырлануучу С.Т. эсин жоготуп койгон кезде, барып уктап калган.

Эртеси жабырлануучунун баласы үйгө келип, апасын эс-учун жоготкон абалда көргөн. Тез жардам чакырып, аял ооруканага жаткырылган. 11-майда аял эсине келбей каза болгон, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru