народный

Британ премьер-министринин атасы туристтерди Кыргызстанга эс алуууга чакырды

Британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырыгы менен премьер-министр Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсон “Кыргызстан Туризм Роудшоу” деген иш-чарасында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазды.

Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берип, британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга турист тартууга көмөктөшүүгө чакырды.

«Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чарасы Лондон шаарында өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган.

Стенли Жонсон 80 жашта, Европарламенттин мурдакы депутаты, учурда коомдук ишмер жана жазуучу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru