Британияда бир нече секунданын ичинде коронавирусту аныктаган тест түзүлдү

Уэльсте бир нече секунданын ичинде коронавирустун бар экендигин аныктаган тест иштелип чыкты Би-Би-Синин маалыматына ылайык, жаңы тесттин алгачкы сыноолору жакын арада инфекцияны бир нече сааттын ичинде эмес, бир нече секунданын ичинде табуунун жөнөкөй жолу пайда болушу мүмкүн экендигин тастыктады. Толук тест бир нече мүнөткө созулат. Дем алуу программасы COVID-19ту аныктап, аны дем алуу жолдорунун башка инфекцияларынан бир заматта айырмалай алат. Тесттин иштеп чыгуучусу Imspex Diagnostics, эгер каражат табылса, сыноо куралы алты айдан кийин колдонууга даяр болот деп билдирди. Маалыматтарга караганда, аппарат алгач өпкө рагы сыяктуу ооруларды аныктоо жана бактериялык , вирустук инфекцияларды тез айырмалоо үчүн тесттерди иштеп чыгууда колдонулган технологияга негизделген. Бирок, коронавирус пандемиясы башталгандан кийин, фирма күч-аракетин коронавирусту аныктоого жумшоону чечкен. Эдинбург жана Дортмунддагы ооруканалардагы бейтаптарга – ушул технологиянын негизинде эки жолу сыноо болду. Аппарат дем алуу үлгүлөрүн анализдеп, дем алуу органдарынын ооруларынын түрүн аныктоочу туруксуз химиялык элементтерди издейт. Тесттер ушул элементтердеги COVID-19 колтамгасын аныктай алды, кийинчерээк башка инвазивдик тестирлөө ыкмалары менен ырасталды. Тесттер коронавирусту 80% учурларда аныктап, аны астма же бактериялык пневмония сыяктуу башка оорулардан айырмалай алган. Тестирлөө 100гө жакын бейтапка жасалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru