Британиялыктар кайрадан карантин жарыялаганга чейин ресторандарга массалык түрдө барышууда

Коронавируска байланыштуу  карантин киргизилээрдин алдында Лондондун жана Англиянын  тургундары массалык түрдө пабдар менен ресторандарга барышты, себеби,  коюлган чектөөлөргө ылайык, ресторандар  жок дегенде 2-декабрга чейин жабык болот. Бул тууралуу   Би-Би-Си билдирди.

 Өткөн суткада Улуу Британияда коронавирустун айынан 492 өлүм катталды.  Бул май айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

 Британия бийлиги 5-ноябрда падышалыктын 84% калкы жашаган Англияда карантин киргизүүдө.  Англиянын жашоочуларына жумушка, окууга же өзгөчө кырдаалдарда гана саякаттап, үйдө отуруу сунушталат.

 Англияда эң керектүү товарларды саткан дүкөндөр гана  ачык болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru