10-январда өткөн кезексиз Президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин ичинен 1%дан жогору добуш алган талапкерлерге БШК каражатын кайтарып берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 1-радиого берген маегинде билдирди.
- Жапаров Садыр – 79,18% добуш,
- Исаев Канатбек – 0,58% добуш,
- Арстанбек Мыктыбек – 1,68% добуш,
- Сооронкулова Клара – 0,99%, добуш
- Ташов Имамидин – 1,19% добуш,
- Тагаев Рашид – 0%,
- Сегизбаев Абдил – 1,46% добуш,
- Мадумаров Адахан – 6,70% добуш,
- Касенов Аймен – 0,91% добуш,
- Кочкоров Улукбек – 0,68% добуш,
- Байгуттиев Женишбек – 0,09% добуш,
- Абакиров Эльдар – 0,50% добуш,
- Асанов Курсан – 0,50% добуш,
- Абдылдаев Арстанбек – 0,08% добуш,
- Джеенбеков Равшан – 0,19% добуш,
- Калмаматов Бактыбек – 0,50% добуш,
- Тольбаев Бабыржан – 2,35% добуш,
- Иманалиев Каныбек – 0,18% добуш,
- Баарына каршы – 1,34% добуш.
18-декабрга карата БШК жарыялаган маалыматка ылайык талапкерлер шайлоо фондуна төккөн жалпы каражаттын суммасы 91 млн 811 миң 651 сом болгон.
· Бабыржан Тольбаев — 9 352 722 с.
· Садыр Жапаров — 47 404 000 с.
· Адахан Мадумаров — 1 583 100 с.
· Абдил Сегизбаев — 3 609 910 с.
· Мыктыбек Арстанбек — 1 117 000 с.
· Имамидин Ташов — 4 924 600 с.
Эске салсак Президенттик шайлоого 1 416 485 (40%) референдумга 1 421 035 (39.77) шайлоочу катышып, добушун берген. Президенттик шайлоодон 80% добуш алып талапкер Садыр Жапаров жеңүүчү болду.
Референдумга добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы:
- Президенттик башкаруу формасына – 81,29%
- Парламенттик башкаруу формасы – 10,85%
- Баарына каршы – 4,43%