БШК алдамчылыкка шектелген мүчөсү сотто акталганы белгилүү болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү катары кармалган Акылбек Эшимов соттон акталды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди.

Эшимов боюнча иш быйыл 28-апрелде каралып, ал кылмыш кылбаганы аныкталгандан кийин актоо өкүмү чыккан.

Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2021-жылы 11-сентябрда билдирген.

Атайын кызмат Эшимов “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн маалымдаган. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru