БШК партияларга шайлоо күрөөсүн кантип кайтарып берүүнү билбейт

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мыйзамдарда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда саясий уюмдарга акча кайтарылып берилет деген мындай ченем жок. БШК парламенттен бул турасында жөнгө салууну өтүнөт. Депутаттар бул маселени талкуулай элек.
Белгилей кетсек, “Реформа” жана “Бир Бол” партиялары БШКдан акча кайтарылбаса, сотко кайрыларын айтып, коркутуп жатышат. Калган саясий бирикмелер дагы 5 миллион сомду кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Эске салсак Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр топтомуна кол койгон. Анда күрөө президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге жана саясий партияларга добуштардын кеминде 1 пайызын алгандар үчүн кайтарылып берилет деп жазылган пункттардын биринде. Ал эми бугу чейин кеминде 5 пайыз болуп келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru