БШК: Шайлоого бара жаткан 5 талапкер тизмеден чыгарылды
Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан 5 талапкер тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу БШК маалымдайт.
Алар;
- талапкер Урмамбетова Эльмира Муталыевна “Кыргызстандын Жашылдар партиясынын” тизмесинен чыгарылды;
- талапкер Султанбаев Абдыкадыр Дарданович “Мекенчил Эл” Демократиялык партиясынын тизмесинен чыгарылды;
- талапкер Гүлнара Арстанбековна Султанбаева “Аруузат ” партиясынын тизмесинен чыгарылды;
- талапкер Байбек уулу Бакытбек “Багыт” партиясынын тизмесинен чыгарылды;
- талапкер Чынара Жуманазаровна Мамажакыпова “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесинен чыгарылды.
Чечим талапкерлердин жеке билдирүүлөрүнүн негизинде кабыл алынды.