БШК жашы жете электерди үгүт иштерине тарткан партияларды жана талапкерлерди жоопкерчиликке тартуу чечимин чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы жашы жете электерди үгүт иштерине тарткан партияларды жана талапкерлерди жоопкерчиликке тартуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында жашы жете электерди үгүт иштерине тартуу боюнча бир катар мыйзам бузуулар каралды. БШКга Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат келип түшкөн. Ага ылайык, 14-ноябрда Таш-Көмүр шаарынын орто мектептеринин окуучулары “Азаттык” саясий партиясынын Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүндө үгүт иш-чарасына катышкан. Укук коргоо органдары аталган иш-чарага жашы жете электердин катышуусу тууралуу маалымат берип, окуучулардын баш кийимдеринде жана аталган саясий партиянын символдору түшүрүлгөн желектери менен тартылган сүрөттөрү тиркелди. БШК карап чыгуусунун жыйынтыгы боюнча “Азаттык” партиясы оозеки эскертүү алды, ал эми иш-чараны уюштурууга жооптуу болгон жана белгиленген бузууга жол берген, партиянын тизмесиндеги талапкер Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренеси боюнча айып пул тагылды (7 миң 500 сом). Бишкек боюнча УКМК БШКга тийиштүү материалдары менен маалымат берилди, ага ылайык, №28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдун үгүт ишмердигине жашы жете электер тартылган. Териштирүүнүн негизинде үгүт ишмердигине жети жашы жете элек өспүрүмдөрдүн тартылгандыгы аныкталган, бул учурда аталган адамдар талапкердин үгүтчүсү катары расмий түрдө катталган эмес. БШК жыйынында Дастан Бекешев расмий үгүтчүлөрдүн арасында жашы жете электердин жокутугун жана каражаттар шайлоо фонду аркылуу гана чыгымдалып жаткандыгын айтты. Ошону менен бирге эле, ага үгүтчү катары иштеп берүүгө даяр экендигин билдирген көптөгөн жаштар кайрылып жаткандыгын билдирди.

Шайлоо боюнча Дастан Бекешевдин ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн сөзүндө талапкердин штабындагы уюштуруу иштери, анын ичинде үгүтчүлөрдү тартуу жана аларды каттоо иштери боюнча жооптуу ал экендигин билдирди. БШК шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү шартын бузгандыгы үчүн талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бузуулар жөнүндө Кодекстин 44-беренеси боюнча (7 миң 500 сом) жоопкерчилигин карап чыгууну чечти. Ошондой эле БШК талапкердин штабына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузууга жол бербөө жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. БШКга “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын эки үгүттөө иш-чарасы тууралуу маалымат келип түштү, ага жашы жете электер тартылган. Укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 4-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин шайлоочулар менен үгүт жүргүзүү жолугушуусунун алкагында Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев жана башкалар Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы Маданият үйүндө өткөргөн жолугушуусунда жашы жете электер катышкандыгы укук коргоо органдары тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган. Окуу жайларынын администрациясынын, педагогдордун жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлдөрүнүн үгүттөө иш-чараларына жашы жете электерди тартууга катыштыгы бар экендиги аныкталган эмес. 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru