народный

БШКнын бардык курамы суракка чакырылды

 Ички иштер министрлигинин экинчи бөлүмүнүн кызматкери Бөрүбашев бүгүн БШКга келип, шайлоо комиссиясынын бүт курамын суракка келүүнү талап кылды. Бул  маалыматты аталган бөлүм тастыктады.

 БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, бир адам келип, өзүн Ички иштер министрлигинин кызматкери деп тааныштырып, баардыгын суракка чакырган.  «Бизди кайсы  иш боюнча  чакырып жатканыбызды сураганда, ал 5-октябрдагы башаламандыктар жөнүндө айтты», – деп кошумчалады  Журабаева.

 Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликтүү эмес.

 Эскерте кетсек, бүгүн БШК Жогорку Кеңешке кайталап шайлоонун датасын жарыялады.  Алар 2020-жылдын 20-декабрында болот. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru