“Буга чейин соттолгон”. Чүйдө алдамчылыкка шектелип 57 жаштагы аял кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген 57 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-майында Сокулук РИИБге Бишкек шаарынын 60 жаштагы тургуну Т.Г. арыз менен кайрылып, 2014-жылдын август айында Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жайгашкан 10 сотых жер тилкесин О.Ч. аттуу аялдан 300 000 сомго сатып алган. Бирок шектүү жер тилкесин көрсөтпөй качып кеткен.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлеринин иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 57 жаштагы О.Ч. кармалды. Ал буга чейин сот жообуна тартылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын ушул сыяктуу сегиз фактыга тиешеси бар экени аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru