Буйга айылы: “Биз тандоо кылдык, аттангандарды таразага салдык, Дайырбек Орунбековго токтолдук!”-(ФОТО)

Бүгүн, 22-ноябрда бир мандаттуу Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дайырбек Орунбеков Буйга айылына барды.

Жолугушууга келген эл, талапкердин максаттары менен таанышып, анын буга чейинки басып өткөн жолуна баа беришти.

“Уулум, сени билебиз. Атамбаевдин каардуу бийлиги баш көтөргөндүн баарын камап, куугунтуктап жаткан чакта сага дагы адилетсиз мамиле кылган. Ошондо сынган жоксуң, намысыңды тебелетпедиң. Ошондо эле сага карата сый-урматыбыз жаралган”-деди буйгалыктар.

Элдин жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирген талапкер Дайырбек Орунбеков депутат менен журналист окшош экенин айтты.

“Журналист менен депутат окшош болот. Эгер ал адилеттүү болсо акыйкатсыздыкка чыдабайт. Жакшы депутат ким? Элинин таламын, өлкөнүн кызыкчылыгын коркпой жактай алса, принцибин алмаштырбаса аны шайлаган элинин абийири. Көргөнбүз, бийликке жүгүнүп, кайра башкасы келсе анын этегине намаз окугандар дагы бар. Тилекке каршы, андайлар дагы мандат эңсеп, эски түшүнүк менен тымызын добуш сатып алууга аракет кылып жүрүшөт. Эски түшүнүк менен жаңылануунун ортосунда күрөш жүрүп жатат. Урматтуу шайлоочуларым, сиздер жаңылануунун тарабында болуп бериңиздер”-деди талапкер.

Дайыр Орунбековдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мейманова Д. К. тарабынан төлөндү 22-ноябрь, 2021-жыл.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru