Бурул Аманова, жеке ишкер, меценат: “Тез жардам унаасын көрүп эл аябай сүйүндү”

Кечээтен бери интернет желелеринде “Бурул Аманова аттуу ишкер айым Баткен областына карашттуу Кадамжай шаарынын а   ймактык ооруканасына тез жардам унаасын белек кылды”-деген маалыматтар жайнап чыгууда.  Мындай иштер негизи аз болгондуктан коомчулук абдан жакшы кабыл алды.  Өзүнүн айтымында айылындагы ооруканага тез жардам белек кылуу  көптөн бери көкүрөгүндө жашап жүрүптүр.

–Бурул Кушбековна, өзүңүз туулуп өскөн Кадамжай районуна тез жардам унаасын белек кылыптырсыз. Жердештериңиз каттуу кубанып калса керек…

    –Негизи тааныштардан дайыма эле “Кырсык учурунда тез жардам унаасы кеч келди.  Келгени менен шарты жок экен”-деген сөздөрдү көп угуп калчумун. Болбосо аймактардан оорулууларды шаарга жеткирүү үчүн тез жардам жалдагандарын айтып калышчу. Андай учурда дайыма жүрөгүмдө “айылыма тез жардам унаасын белек кылсам”-деген ой пайда болчу. “Эртең силерге тез жардам машинасын алып берем”-деп айта албайсың да. Сааты кечээ чыгып, үй-бүлөбүз менен кеңешип өзүмдүн туулуп өскөн Кадамжай шаардык ооруканага тез жардам унаасын белек кылдык. Аны көрүп эл аябай кубанды.  Элдин кубанычын көрүп ого бетер жакшылык кылгың келип калат экен.

–Жолдошуңуз Расул Айдаров дагы өзүнүн туулуп өскөн айылына тез жардам унаасын белек кылыптыр….

–Жолдошум Ноокатка тез жардам унаасын белек кылган. Кийинчерээк мен өзүмдүн айылыма белек кылдым. Буга чейин деле эл билип билбей калган кайрымдуулук иштерди көп жасачубуз. Көбүнчө андайда акчалай берилип калчу. Мунусунда журналисттердин жардамы менен жалпы элге тарап кетти. Бизди көрүп башка колунда барлар дагы өз айылынын көйгөйүн чечүүгө умтулат деп ишенем.

–Айылдарга мындай белектер бериле баштаганда эле эл эртең шайлоого даярдык дей башташат экен. Андай эмеспи?

–Жок, белекти тапшырып жактанда  шайлоо оюма да келген жок. Бирок так кесе шайлоого барам же барбайм деп айтпайм. Буюрганын көрөбүз.

–Канча жыл миграцияда жүрдүңүз?

— Биз барган жылдары мынчалык мигранттар көп эмес болчу.  Ишкерлик кылууда дагы текшерүүчүлөр келбей ишибиз дароо алдыга кетти.  Балдарыбыз төрөлүп, алардын жашоого көз карашы орусча боло баштагандыктан Кыргызстанга көчүп келдик.  Башында улам улам келген текшерүүлөрдөн улам ишкердикти жүргүзө албай аябай кыйналдык. Себеби Россиянын тартибине көнүп калыптырбыз. Салыктарды убагында төлөсөк деле бир нерсени таап катар катары менен текшерүүчүлөр бизди жүдөтө беришчү.

–Акыркы убактарда өлкө башчысы жана өкмөт ишкерлерге каттуу көңүл буруп жатат го. Ал сезилбей элеби?

–Ооба, акыркы үч жылдан бери тынчыраак иштеп калдык. Ишкерлерге тынчтык эле болсо баарын жасай алат. Мамлекетке да жардам берет, салык төлөйт, иш менен камсыз кылат дегендей.  

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru