Быйыл 28 өлкөгө канча тонна төө буурчак экспорттолгону белгилүү болду

Кыргызстандык фермерлер быйыл тогуз айдын аралыгында 28 өлкөгө 38,4 тонна төө буурчак экспорттоду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өлкөдө өндүрүлгөн төө буурчактын 90 пайызы экспорттолот. Былтыр чет өлкөгө 93,5 тонна, быйыл тогуз айда 38,4 тонна сатылган. Экспорт менен 30 фирма алектенет, Таластын төө буурчагын көбүнчө Түркияга, Сербияга, Россияга, Болгарияга жана Македонияга алып кетишет.

Төө буурчак дыйканчылыктын негизги түрү катары саналган Талас облусунда быйыл 59 миң гектар жерге эгилген, азыркы тапта 89,3 тонна (бир гектарынан 18,4 центнер) түшүм алынды. Өткөн жылы 58 гектар аянтка себилип, 101 525 тонна (бир гектарынан 17,4 центнер) жыйналган.

Чет өлкөлүктөрдүн суроо-талабына арзыган «Лопатка» сортундагы төө буурчактын баасы 80-86 сомду түзөт. Былтыр 53-55 сомго бааланган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru