Быйыл Ошто канча окуучу 1-класска барганы айтылды

Быйыл Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде билим күнү белгиленди. Шаар мэри Алмаз Мамбетов № 52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп лицейинде болгон майрамдык иш-чарага катышып, мугалимдери, окуучуларды жана ата-энелер жаны окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Анын берген маалыматына ылайык, Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар.

2021-2022-окуу жылынын 15-сентябрына карата электрондук кезек аркылуу 1-класстарга 7369 окуучу кабыл алынды. Мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге кабыл алынган окуучулардын так саны 20-сентябрга чейин аныкталат.

Шаар боюнча 3 277 мугалим 77 832 окуучуга тарбия-таалим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны – 72 250, жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 582.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru