народный

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 доллар

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 доллар деп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда муфтияттан кабарлашты.

2019-2020-жылы 500 доллар төлөп кезек күтүп тургандар, калган 2 миң 850 долларды 26-февралдан тартып 17-мартка чейинки убакытта РСК банкына төлөшү керек.

“Сауд Арабия виза, медициналык камсыздандырууну акылуу кылып Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгына байланыштуу ажылыктын наркы быйыл жогорулады. Былтыркы жылы ажылык сапардын баасы 3 миң доллар деп бааланган”, деп кошумчаланат маалыматта

Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай, Баткен райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Сузак району жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийген же тийбегендигин тизмеден тактап алгандан кийин гана калган төлөмдү РСК банкына төлөшү керектигин эскертет.

Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 6 миң 110 квота бөлгөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru