Cүрөтчү кардан жасаган адаттан тыш арт-инталляциясы үчүн камакка алынды

Орусиялык сүрөтчү Иван Волков 16-январь күнү Москвага бара жаткан поездден кармалып, Санк-Петербург шаарындагы полиция бөлүмдөрүнүн бирине жеткирилген.

Ал кардан жасаган заңдын формасындагы айкели үчүн камакка алынган. Анын узундугу 5 метрди түзөт. Ага “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Сүрөтчүнүн айтымында аталган “чыгармачылыгы” эч кандай маанини камтыбайт. Бирок, анын кесиптештеринин билдирүүсүндө аталган кар айкели шаардын бийлигин жана коммуналдык кызматкерлердин ишин сындоо болчу. Себеби, сүрөтчү буга чейин шаардагы кар талаптагыдай тазаланбай жатканына нааразы болуп жүргөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru