Чүй өрөөнүндөгү майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду

УКМК энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктап чыкты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында эки КР жараны “Түндүк электр” ААКнын айрым кызматкерлеринин жардамы менен “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз биригип, ири өлчөмдөгү электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу боюнча мыйзамсыз иштери аныкталган.

Натыйжада 2021-жылдын 4-сентябрында да “Бишкек” ЭЭАнын аймагында 200 даана майнинг аппараты бар контейнер табылса, 021-жылдын 7-сентябрында Чүй облусунун аймагында 2021-жылдын башынан баштап мыйзамсыз иштеп жаткан 500 даана майнинг аппарат аныкталган.

Кошумчалай кетсек, “Түндүк электр” ААКнын алдын ала маалыматы боюнча, бул майнинг-фермалардын электр энергиясын уурдоодон келтирген зыянынын суммасы 20 миллион сомго жакын.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru