Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Бишкекке учуп келди
Москвада реабилитациядан өтүп жаткан Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов кечээ, 6-апрель күнү Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, ал ИИМдин бейтапканасына жаткырылды.
Эскерте кетсек, Курманкулов былтыр 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя учурунда башынан жаракат алган.