Чүйдө эки жумушчу кудукка түшүп кеткен. Алардын бири жандандыруу бөлүмүндө

Чүй облусундагы Шопоков шаарында кудукка түшүп кеткен адамдар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-январь күнү Шопоков шаарында жайгашкан райондук оорукананын жанындагы канализациялык кудукта турак-жай-коммуналдык чарба ишканасынын жумушчулары 48 жаштагы М.С. жана 55 жаштагы Ж.Ж. жарандар тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда ичине түшүп кетишкен.

“Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды кудуктан чыгарышкан. 48 жаштагы жаран “Тез жардам” унаасы менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, экинчи жаран ооруканага баруудан баш тартты”, – дешет мекемеден.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru