Чүйдө мыкаачылык менен киши өлтүрүлдү

Киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын 13-январда Чүй облустук милициядан билдиришти.

11-январга караган түнү Кайыңды шаарындагы батирлердин биринен адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу милицияга чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 1988-жылы туулган А.К. Мындан тышкары, анын денесинде зомбулук менен өлүмдүн белгилери катталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталды.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган А.А. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru