народный

Чүйдө жаңы төрөлгөн эки баланын жансыз денеси табылды

Бишкектин жанындагы айланма жолдон жаңы төрөлгөн эки баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме менен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-майда Алматинская көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен эки жаңы төрөлгөн (бирөө кыз, экинчиси эркак) баланын жансыз денеси табылган.

Балдардын жансыз денеси “Дордой-2” жаңы конуштун аймагында көпүрөнүн астынан табылганы айтылууда.

Бул факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, бардык экспертизалар дайындалды.

Милиция кызаткерлери окуянын чоо-жайын изилдешүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru