народный

Чаткалдагы Иштамберди кенинен өрт чыкты-(ФОТО)

19-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Фулл Голд Майнинг ишканасында өрт чыккан.

Өрт өчүрүү бөлүмүнө саат 10:15 чамасында маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Чаткал районунан өрт өчүрүү тобу жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, Ала-Бука районунан бир өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү.

Эки сааттай убакыт өткөндөн кийин өрт локалдаштырылды. Учурда өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери жеринде иштөөнү улантууда.

Иштамберди алтын кени Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, Кассан дарыясынын өрөөнүнүн жогорку бөлүгүндө жайгашкан. Кенди “Фулд Голд Майнинг” ЖЧК иштетет.

Компания 2007-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келе жатат жана Иштамберди кенин иштетүү укугуна алмашуу үчүн Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун бир нече участокторун реконструкциялоону кытай тарап каржылоону караган “Инвестициялардын ордуна ресурстар” кыргыз-кытай долбоорунун аткаруучусу болуп саналат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru