Чек ара кызматы Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек ара чыры тууралуу расмий маалымат таратты

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун тургундары кечээ, Өзбекстандын чек ара кыматкерлери, Кыргызстан тарапка кирип келип, жерди тосуу максатында мамычалары орнотуп жатканын айтып айтып чыгышкан.

Бүгүн, 11-февраль УКМКнын Чек ара кызматы эки өлкөнүн кадастр органдарынын адистери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү сүйлөшүүгө чогулганын кабарлайт.
Жолугушууда маалым болгондой, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери 2017-жылдын 5-сентябрындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимдин негизинде чек араны тактоо ишин жүргүзгөнү маалым болгон.


Кырдаалдын күчөп кетпөөсүн эске алып чек ара сызыгын тактоо иштери токтотулду, эми чектешкен аймактагы жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүү улантылмакчы.
Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru