народный

Чек ара кызматы УКМКнын карамагына өтөбү?

Жакынкы аралыкта чек ара маселелерин УКМКнын карамагына өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында билдирди. Жапаров Баткен районундагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышты. Андан кийин ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөштү. Жапаров Тажикстан менен болгон чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылам деп ишендирди. Жапаров ошондой эле УКМК менен Чек ара кызматы бириге тургандыгын жарыялаган. «Жакынкы аралыкта Чек ара кызматын УКМКнын карамагына өткөрүү боюнча пландарыбыз бар», – деди Жапаров. Белгилей кетсек, УКМКны анын досу Камчыбек Ташиев жетектейт, ал аны түштүк аймакка сапарында да коштоп жүрөт. Эске салсак, эгемендүүлүк алгандан бери чек ара кызматы административдик статусун алты жолу өзгөртүп, мезгил-мезгили менен УКМКдан чыгып же кайра келип турган. Акыркы жолу 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Чек ара аскерлери УКМКнын карамагынан чыгарылып, Мамлекеттик чек ара кызматына айланган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru