Чек ара жаңжалда жабыркаган 59 адам Бишкекте, 41 киши Баткенде дарыланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 100 кыргызстандык ооруканада жатат. Алардын арасынан оор абалдагы 59 адам Бишкекте, 41и Баткендеги бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова 4-майда билдирди.

-Аларга дары-дармектер, кан жана медицина кызматкерлери жетиштүү, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.