народный

Чек арада кызмат өтөп жаткан жоокер өз жанын кыюууга аракет жасады

Мындай маалыматты бизге өздүк маалыматтарыбыздын бири билдирди:

“Оштогу  Ош чек ара кызматынын 20-24- аскер бөлүгүнөн  өткөн жума күнү Ташиев Актилек аттуу күзгү чакырылышта келген жаш аскер качып кеткен. Кайра келген соң, өмүрүнө кол салуу үчүн 4-кабаттан боюн таштаган.  Учурда аскер Ош шаардык ооруканада дарыланып, үйүнө чыгып кетти. Бирок расмий маалымат чыккан жок”-деп билдирди ал.

Биз маалыматты  аныктоо  үчүн аскердин апасы Назгүл айымга кайрылганыбызда  окуяны тастыктап берди:

“Ооба, уулумдун аскерден эки жолу качканы чын. Мунусунда 4-кабаттан секирип дарак аркылуу сыртка чыгам дептир. Бирок бутактар сынып кетип,  жерге кулап түшүптүр. Учурда колу сынган, белин кокустатып алган абалда ооруканага жетирилген.  Азыр дарыланып үйгө чыкты. Эч кимге доом жок”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru