народный

Чек арадан мыйзамсыз 8 тонна күйүүчү май өткөрүүгө аркеттенген шектөө кармалды

15-ноябрда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары күйүүчү  майларды мыйзамсыз ташуучуну кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, Баткен облусунун Лейлек районунун Майты аймагында кызмат өтөө учурунда чек арачылар Тажикстандын жараны башкарып бараткан КамАЗ унаасын токтотушкан. Унаа Кыргызстандан Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары бара жаткан.

“Унааны текшерүү учурунда жүк сактоочу жайдан 8 тонна күйүүчү  май табылган. Айдоочунун жүктөргө уруксат кагаздары болгон эмес. Ошол эле учурда ал Кыргыз Республикасынын жасалма мамлекеттик номурларын колдонгон”,- деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана күйүүчү  майлар кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru