Марлен Маматалиев депутаттарга ак үйдөгү ар бир кабинетти өз эсебинен оңдоону сунуштады

Бул тууралуу депутат өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты:

“Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж.

Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок 90 % депутаттар иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү. Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы.Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси – тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru