Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алган

Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Чет өлкөлөрдөгү айрым кыргыз жарандары оорудан айыккан.

“Чет өлкөдө коронавирусту жуктурган кыргыз жарандарынын саны 23. Бириккен Араб Эмирлигинде үчөө илдетти жуктурган, бирок бирөө айыккан. Пакистанда 7, Индияда 1, АКШда 8 жаран, Малайзияда 4 студент, алардын бирөө айыгып, ооруканадан чыгарылган, үчөө да айыкты, жакында ооруканадан чыгарылат”, – дейт ал.

Ошондой эле Казакстанда коронавирус жуктуруп алган кыргыз жарандары 6-апрелде өлкөгө алынып келинген жана обсервацияга жаткырылган. Кыргызстанга 6-апрелде келген 17 жарандын ичинен 7 адамда коронавирус аныкталгандыгын кошумчалады.

Ниязалиев белгилегендей, чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтар мекендештер менен тынымсыз байланышта болууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru