Чет жерде канча кыргызстандык коронавирус жуктурган – Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Чет жерде коронавирус жуктурган 5 кыргызстандык бар. Бул туурасында өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал белгилегендей, Бириккен Араб Эмирлигинде коронавирус жуктурган 1 адам бар. Ал 15-марттан бери ооруканага жаткырылып, дарыланууда.

“Анын абалы канаатандырарлык”, – деди ал.

“Пакистанда 3 адамда коронавирус тастыкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги билдирди”, – деди ал.

Ошондой эле Испаниядагы бир жарандан коронавирус аныкталган.

Анын айтымында, аларга берилген маалымат боюнча ал жарандардын абалы канаттандырарлык.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58кө жетет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru