Чикагодо мекендештерди колдогон чоң борбор ачылды

АКШынын Чикаго штатында Кыргызстандык мекендештерди колдогон “Кыргыз коому” бирикмеси жаңы имараттуу болду. Мекендештер топтолуп 2 кабаттуу имаратты 900 000$ га сатып алган. Бул тууралуу АКШдагы блогер Гулайым Мурзаева бүгүн, 25-февралда кабарлады.


“Кыргыз коому” бирикмеси ачылганына 6 жыл болгон. Мекенинен алыста жүргөн кыргыздардын башын бириктирүү, кыргыз тилин, кадаа-салтын унутта калтырбай, өнүктүрүү, жайылтуу максатында уюштурулган.
“10, 15 жыл мурда келип жайгашып калган жаш балдар бүгүнкү күндө бала-чакалуу болуп калды, алды мектепке барат. Аларга кыргыз маданиятын, тилин,каада-салтын үйрөтүү, жаңы келгендерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында ачылганбыз. Мурда чакан эле батирде турчуу элек. Эми катарыбыз кеңейип, жаңы имаратка чыктык”-дейт Чикагодогу кыргыз маданий коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Уланбек Азимбаев.


Имараттын жалпы аянты 1500 метр кв, 2 кабаттуу. Анда кыргыз тилин үйрөткөн сабак, улуттук бийи, комуз үйрөтүү, адеп-ахлак сабагы, араб тили-куран үйрөтүү жана робот класстары уюштурулган. Чоң залында маданий концерттерди да өткөрүүгө болот. Мындан сырткары имараттын бир бурчуна мечит ачылат.
Коомдук маданий үйдө жалаң ыктыярчылар иш алып барат. Алардын бири Жакшылык Мурат.
“Азыр Чикагодо 4000ге жакын кыргыз бар. Бул жер баарыбыздын башыбызды бириктире турган, бир түндүктүн алдында эт жеп, самабарга чай кайнатып иче турган жер болот”-дейт.
Белгилей кетсек, 28-февралда аталган Кыргыз борборунда чоң масштабдуу марафон уюштурулат. Уюштуруучулар баардык салым кошууну каалоочуларды катарына чакырып өттү

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru