Чоң-Алайда шарты жок үй-бүлөлөргө мектептеги сыналгылар берилип, балдар онлайн сабак окуп жатышат

 Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуучуларга үзгүлтүксүз сабак өтүлүп жатат. Бул тууралуу Жекенди айылындагы Кыргызстан орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан мугалим Адина Жусуп кызы билдирди.

Маалым болгндой, мугалимдер онлайн сабак өтүүгө 2 жума даярданышкан. Өлкөдөгү кырдаалдын шылтоосу менен айылдагы мугалимдер санариптүү окутуучу болууга көнүп жатат.

«Биздин мектептин мугалимдеринин басымдуу бөлүгү жаш болгондуктан смартфон, интернетти бат өздөштүрүп кетти. 8-апрелден тарта окуучуларга сабак башталган. Бирок ага чейин мугалимдер, окуучулар менен биргеликте онлайн сабакты өздөштүрдүк. 24-марттан баштап 8-апрелге чейин WhatsApp, Zoom, Classroom программалары менен даярдандык. Окуучулар «Баластан», «Санат», «Пирамида», ЭлТРдин «Илим жана билим» каналынан телесабактарды көргөндөн кийин биз кайра окуучулар менен видеобайланышка чыгып, тапшырмаларды берип, сабакты талкуулайбыз. Андан кийин кайтарым байланыш үчүн ар бири өзүнчө мугалимге тапшырмаларын аткарып, сүрөткө тартып жөнөтөт. Убактылуу журнал ачылган, ошого бааларды коёбуз. Учурда мугалимдердин 55-60%ы ноутбук алдырып, онлайн сабакты мыкты өздөштүрүп алды», – деди ал.

Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебинин кыргыз тилчи мугалими Марзия Мамаражапова окуучулар жана мугалимдерде онлайн сабак өтүүдө кыйынчылык болбогонун жана буга чейин да чоң класстарга онлайн сабак өтүп жүргөнүн айтты.

Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев райондогу бардык мектеп окуучуларынын үй-бүлөсү менен байланышып, сурамжылоо жүргүзгөндө үй-бүлөлөрдүн 99%ы онлайн сабакка даяр экени белгилүү болгон. Калган үй-бүлөлөрдө сыналгы же смартфон жок болсо, мектептердеги сыналгыларды орнотуп берип, мүмкүнчүлүк болушунча камсыздалган.

«Былтыркы жылдагы Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата райондогу бардык мектептерге жаңы технологиялар менен сабак өтүүнү талап кылгам. Ошол себептүү мугалимдер жана окуучулар онлайн сабак өтүүдө кыйналышкан жок. Убагында мугалимдер жаман көрүшкөндүр, бирок учурдагы кырдаалда ыраазычылыгын билдирип жатышат. Учурда сабак өтүүдө маселе жок», – деди Бактыбаев.

Булак: Турмуш

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru