народный

Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү чириген абалда табылды

Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү чириген абалда табылды, милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-апрелде саат болжол менен 10:59да Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө айылдардын биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кайрылуу боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Октябрь айылындагы Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү чириген абалда табылган. Сөөктүн жынысын жана өздүгүн аныктоого мүмкүн болбой калган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru