Чолпон-Ата: Үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду (ВИДЕО)

Чолпон-Атада турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында турак үйдүн аянты 50 чарчы метр болгон бөлмөсү толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1958-жылы туулган эркек киши каза болгон. Өрт саат 18:53 чектөөгө алынып, саат 20:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт электр зымдарынын кыска чыналуусунан келип чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru