народный

Чолпон Султанбекова: “Президент ким деп сурасаң Мирзиеёв дешет”

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Баткендин айрым аймагына санариптештирүү жете электигин айтты.

“Быйыл шайлоонун үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн учурда көп айылдарды кыдырдык. Кээ бир айылдарга интернет эмес, санарип дагы бара элек. Алар кыргыз тилиндеги берүүлөрдү көрө алышпайт. Өзбек, тажик тилиндеги берүүлөрдү көрүшөт. Жаш балдардан президент ким деп сурасаң, Өзбекстандын президентинин (ред.: Шавкат Мирзийоев) атын айтышат. Ушундай чоң көйгөй бар.

Кадамжай районундагы Кан айылында, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө интернет жок. Ушул маселелерди карап көрсөңүз.

Мындан тышкары айылдарда компьютерди билген адамдар жокко эссе. Бул маселени кантип чечесиз?”, – деп суроо берди Имановго.

Ал эми санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Иманов:“Аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн министрликтин атайын программасы бар. Ал донорлор менен бирге айылдардагы жергиликтүү кадрларды окутуудан өткөрүү”, – деп жооп берди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru