народный

Чубак ажы Жалилов, “Камалган саясатчыларды чыгар деп падышага кайрылган туура эмес”

  Учурда Садыр Жапаровдун тарапташтары аны чыгарсын деп түз эле өлкө башчысын чыгар деген адат таап алышты.  Өлкөбүзгө белгилүү дин аалымы Чубак ажы муну туура эмес деп эсептээрин Жапаровдун тарапташтарынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Биз мыйзамдуу же мыйзамсыз дегидей сот эмеспиз. Бул боюнча сот чечимин чыгарыш керек болот. Кудайга шүгүр, азыр биздин сотторубуз адилеттүү болгонго аракет кылып жатышат. Ошондуктан мен үмүт кылат элем, эгерде Садыр Жапаров чындап мыйзамсыз камалса, анда чыгыш керек. Бирок, биз билген, биз билбеген ар кандай жагдайлары болуп калышы ыктымал да. Мен Садыр Жапаровго гана тиешелүү эмес, жалпы эле кыргыз элине тиешелүү нерсени айтайын. Биз кыргыздар индия киносундай эле жүрөгүбүз өтө сезимтал болот да. Түрмөгө түшүп калгандын баарынын бардык кылмышын актап жибергенге аракет кылабыз да. Канча мародерлук кылса, канча уурулук кылса түрмөгө түшкөнгө чейин аны жаман көрөбүз, анан түрмөгө түшкөндөн кийин унчукпай, сүйлөбөй койсо, камерадан чыкпай койсо эле аны барып-барып күнөөсүз кылып коебуз. Себеби сезимтал элбиз абдан. Ошол сезимталдыгыбыздан бардык камалгандарды эле күнөөсүз кылып айта берген адатыбыз бар. Ошону биздин саясатчылар да өтө пайдаланып ала турган болушту. Жеке менин оюм боюнча тергелиш керек, эгер чындап эле күнөөсүз болсо, анда эркиндикке чыгышы керек деп айтат элем. Садыр Жапаров боюнча мен жакшы пикирдемин. Мен анын раматылык атасын да таанычумун. Бир туугандарын тааныйм. Жапаровдун өзү менен дагы катташып турчубуз. Түрмөгө түшкөндөн кийин да катташып, бир канча жолу китептерден берип, намаз окугандыгын билем. Эгерде чындап күнөөсүз болсо, анда Кудай таалам анын ишин жеңил кылсын деп биз тилек кылабыз. Бирок, азыр жаман тенденция башталып кетти, бир адам камалып калса, сот адилеттүүлүгүн сурабайбыз, дароо падышага барып эле «ушуну чыгар» деген жакшы эмес урматтуу бир тууганым. Биз мыйзам алдында баарыбыз бирдей болушубуз керек. Биз падышадан «сот адилеттүүлүгүн камсыз кылып бер» деп талап кылсак туура болот эле. Болбосо, азыр биз өзүбүз эле сот болуп алдык да, «Ал мыйзамсыз жатып атат, андай-мындай» дей беребиз. Бардык эле камалгандардын туугандары ошентип айтышат. Бул туура эмес»-деп жооп берген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru