Чындыкка дал келбейт. Эдуард Кубатов УКМКга сурак берип чыкты

“Центерра Голддун” мурдагы кызматкери Эдуард Кубатов буга чейин ММКларда анын Кумтөр маселеси боюнча УКМКда суракка алынганы тууралуу туура эмес маалыматтар жарыялангандыгын билдирди.

“Азырынча эч нерсе комментарий бербейм, бирок бир аз убакыттан кийин менин расмий комментарийим чыгат. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган нерсе чындыкка дал келбейт. Мен коомдук адам эмесмин жана пиардан тажадым. Жарнамасыз өз жашоомо кайтып келгим келет”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн ата мекендик ММКлар Эверестти багындырган Эдуард Кубатов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылып, “Кумтөр” иши боюнча суракка алынганын жазып чыгышты. Кубатов өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылгандыгы тууралуу маалыматты тастыктаганда, төгүндөгөнда эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.