COVID-19. Бир суткада 43 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 24-ноябрга карата коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 14, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 11, Нарын облусуна − 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 45, Чүй облусунда — 15, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда бир, Ысык-Көл облусунда эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru