COVID-19. Бир суткада 50 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 3-декабря карата коронавирус дагы 50 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 24, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 6 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 28, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 15, Баткен облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 12 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 394 бейтап, амбулатордук түрдө 400 адам дарыланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru