COVID-19: Кыргызстанга кирүүнүн жаңы алгоритми бекитилди

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанга кирүүнүн эрежелери жаңырды. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти кабарлап, бул эреже туристтерге да таандык экенин билдирди.

Башка мамлекеттен келип жаткан кыргыз жарандарына, чет элдиктерге жана ички авиакаттамдарды пайдалангандарга төмөнкү талаптар коюлат:

-Соңку 72 саат аралыгында коронавирусту аныктаган тест тапшырганы тууралуу маалымдама;

-Же болбосо COVID-19 илдетине каршы вакцина алганы тууралуу күбөлүк (кагаз же электрон форматта).

Беш жаштан чоң балдарга да жогорудагы документтер алынышы керек.

Эмделген туристтер 19-июндан баштап учак аркылуу, 12-июндан кургактагы чек ара пункттарынан Кыргызстанга кирсе болот. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.