COVID-19: Мектептер менен окуу жайлар кайрадан жабылат

Кыргызстанга коронавирустун жаңы түрү келсе, мектептер менен окуу жайларп кайрадан жабылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 13-январдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мутацияланган коронавирустун биринчи учуру катталса, Кыргызстандагы бардык окуучулар менен студенттер кайрадан дистанттык окутууга өтүшөт.

Мурдараак саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев радиодогу эфирде: «Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Кыргызстанга да келет», – деген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.