COVID-19 менен ооруган адамдарды дарылаган ооруканада өрт чыгып, 10 адам каза болду-(ВИДЕО)

Румыниянын Пиатра Нямт шаарындагы COVID-19 менен ооруган адамдарды дарылоого адистешкен ооруканада чыккан өрттүн кесепетинен 10 адам каза болуп, дагы 10 адам жаракат алды. Алардын 7си оор абалда. Бул тууралуу Euronews жазып чыкты.

Нөөмөттөгү дарыгер бейтаптарды өрттөн куткарууга аракет кылып, денесинин 40%ын  күйгүзүп алган. Румыниянын ооруканаларында учурда катуу күйүк алган бейтаптарды дарылоого медициналык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болгондуктан, алар  Брюсселдеги Астрид ханышасы аскер госпиталына жеткирилген. Ал эми каза тапкандар  Румыниянын Яссы шаарына жеткирилген.

Румыниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргендей, өрт “кыска туташуудан улам келип чыккан”. Өрт өчүрүлүп, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Пиатра Нямт Румыниянын түндүгүндө, борбор шаар Бухаресттен 350 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Румыниянын Президенти Клаус Иоханнис жана Румыниянын Православдык Патриархы Даниел курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru